Жаннат, сажда, зыярат, зына... Диний сөздөрдүн маани-маңызын билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрымдар кылган ишине шүгүр этип, тилек кылганда "Иншалла" же "Иншаллах" деп калат. Кыргызча мааниси "Кудай буюрса же кааласа" эмеспи. Диний сөздөрдү уккан боюнча айтып, маани-маңызын билип-билбей колдоно бергенлер да жок эмес.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жардамы менен диний сөздөрдүн кыргызча маани-маңызын чечмелейбиз.

Багымдат — таңкы намаз, таңда окула турчу намаз;

Ибадат — сыйынуу, жаратканга сыйынуу;

Селде — узун, ак кездемеден оролуп жасалган баш кийим, адатта имамдар киет;

Истихфар — Кудай Тааладан кечирим суроо;

Тообо — Кудай Тааладан кылган ишине өкүнүп, кечирим суроо;

Зикир — Жаратканды эстөө;

Аттахият — намаз учурунда отурган абалда окулуучу дуба;

Сажда — намаз учурунда маңдайдын жерге тийиш;

Арам — шариятта тыюу салынган өкүм;

Аврат — уятуу жерлер;

Кабыр — мүрзө, адамдын көмүлө турчу жайы;

Таваккулуль — тобокелчилик. Бир иштин натыйжасын Кудайга тапшырып, адам ошол иштин натыйжасын билүү үчүн акырына барууга өзүн тобокел кылат.

Зына — никесиз жыныстык мамилеге баруу;

ИншаАлла, Иншааллах — Кудай кааласа, Кудай буюрса;

Зыярат — бир нерсени барып көрүү (адамды, ыйык жерлерди);

Жихад — араб тилинен которгондо аракет, мээнет кылуу дегенди билдирет;

Баракат — береке;

Жаннат — бейиш, инсандардын түбөлүктүү ырахатта болуучу жайы;

Ифтар — ооз ачаар;

Муфтий — шарият өкүмүн чыгарган адам;

Сунна же сүннөт — Пайгамбар Мухамматтын (САВ) айтканы, кылганы жана тастыктаганы.

Жаңылыктар түрмөгү
0