Facebook кеңсеси эми укмуш экен! Кыргызстандык кыздын саякаты. Сүрөт

© Фото / Рина ПазыловаЖурналист Айнагуль Сапарбек кызы
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкерлериң ыраазы болсо, ишиңдин ийгилиги артат. Кошумча маяна издеп, ою онго бөлүнбөйт. Бүт дитин ишке салып, майын чыгара аткарууга тырышат. Океан ар жагындагы үлкөн ишкананын кеңсесин көргөндөн кийин журналист Айнагүл Сапарбек кызы ушундай ойлорго чулганган.

Сиздин күнүңүз кантип башталарын билбейм, бирок, мойнума алайын, көзүмдү ачарым менен телефонго колумду узатат экенмин: Facebook баракчамды карап же өтө зарыл маалымат күткөн кишидей мессенжерлерди текшерем. Муну замандын агышы менен агылмайбы дээрсиз же Желеге чырмалган өмүрбү, айтор, ушундай. Социалдык медианын башка тармактарына катталганым менен танбай пайдаланганым ФБ гана экен.

Facebook менен качан таанышкам? Азыр азыраак оолактай түшкөн журналисттик чөйрөдө кесиптик ишмердигим "кайнап" турган маал болчу.

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
Дүйнөдөгү эң кеңири тараган, эң көп киши баш баккан беш веб-сайттын бири. Колдонуучуларынын саны эки миллиардга жеткен. Калктын бүйүрүн кызыткан Instagram да, ал-акыбал сурашмайды жеңилдеткен What"s App да ушул компаниянын канатынын алдында. "Жеке маалыматтарды ачыктап койду, купуялуулукту сактай албады" деп бул ири ишкананы дүйнө жүзү тилдегени менен колдонуудан таптакыр баш тарта албай деле келебиз. Билесизби, Facebook пайда болгондон бери чейрек кылымды жарымдатыптыр…

Мунун баарын эмнеликтен саймедиреп турам дебейсиздерби, ушул биз күн сайын, ар мүнөттө барактап, кайсы бир окуяга үн кошуп, оюбузду элге жеткирип, сүйүнткөн да, жүрөк тилген кабарды көз ирмемде таратып, айрымдарын тилдеп, кай бирлерин жоктоп, кайда жүрүп, эмнеге күйүп, эмненин даамын татып, эмнеге тамшанып, эмнеге суктанганыбыздан бери, атургай, кээде жашообузду жарнамалай, анан көпчүлүктүн жаалына калып, кайра актанып, бир урушуп, бир табыштырган, анан да алысты жакын, жакынды ыраактаткан социалдык медианын бир бутагы — Facebook компаниясынын баш кеңсесинде болдум.

"Силикондук өрөөн" деп уккан чыгарсыз. АКШнын Калифорния штаты азыркы тапта адамзатты арбап турган технологиялар борбору болуп саналып, андай компаниялардын көпчүлүгүнүн штаб-квартиралары өрөөн жайгашкан ушул калаада отурукташкан. Бул штаттан сиз Adobe, Apple, eBay, Electronic Arts, Intel, Oracle, Symantec, Yahoo, Xerox, атургай, Google, Youtube өңдүү Желенин "үлкөндөрүнүн" кеңселерине чейин көрө аласыз. Штаттагы эң сүймөнчүктүү калаалардын бири – Сан-Франциско. Калаа Тынч океандын бир жээги, айтылуу "Алтын дарбаза" көпүрөсү (ачыгын айтсам, ушул көпүрөнү бир көрүп, үстүндө сейилдөө кыялым мени ушул штатка алпарды) менен белгилүү экендиги өзүнчө кеп. 

© Фото / предоставлено Айнагуль Сапарбек кызыКалифорниядагы эң сүймөнчүктүү калаалардын бири – Сан-Франциско. Шаар Тынч океандын бир жээги, айтылуу "Алтын дарбаза" көпүрөсү менен белгилүү экендиги өзүнчө кеп.
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Калифорниядагы эң сүймөнчүктүү калаалардын бири – Сан-Франциско. Шаар Тынч океандын бир жээги, айтылуу "Алтын дарбаза" көпүрөсү менен белгилүү экендиги өзүнчө кеп.

Facebook тармагынын штаб-квартирасы аталган штаттагы Сан-Матео округуна кирген, Сан-Франциского чектеш Менло парк шаарчасында жайгашат. Аянты 40 миң чарчы метрди түзөт.

Ишкананын бир канча блоктон турган имараттары эле өзүнчө бир шаарчаны түзөт. Кире бериште "Эң сонун" ишараты, тагыраагы бакыйган баш бармак сизди күтүп алат. 

Андан ары коопсуздук кызматынан өтөсүз да, өз өзүнчө имараттар башталат. Айланасы таптаза. Ыраак аралыкка атайын велосипед да ала аласыз. Эгер күндөн калкаланат элем десеңиз, улам алдыңыздан кол чатырлар коюлган челектер да чыгат. Унаа токтоочу жайы да абдан ыңгайлуу.

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыFacebook тармагынын штаб-квартирасы нын бир канча блоктон турган имараттары эле өзүнчө бир шаарчаны түзөт. Кире бериште "Эң сонун" ишараты, тагыраагы бакыйган баш бармак сизди күтүп алат.
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Facebook тармагынын штаб-квартирасы нын бир канча блоктон турган имараттары эле өзүнчө бир шаарчаны түзөт. Кире бериште "Эң сонун" ишараты, тагыраагы бакыйган баш бармак сизди күтүп алат.

Баштадык анда! 

© Фото / Рина ПазыловаКеңсе ашкере кооз же кымбат буюмдар менен деле жасалгаланган эмес
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы  - Sputnik Кыргызстан
Кеңсе ашкере кооз же кымбат буюмдар менен деле жасалгаланган эмес

Ичимдеги үн: Вау, ушул залды М-а-р-к Ц-у-к-е-р-б-е-р-г өзү аралайт!!! 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыИмараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар залы айнектелген.
Имараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар залы айнектелген. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Имараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар залы айнектелген.
© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыКишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди байкоого болот
Кишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди байкоого болот - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди байкоого болот
© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыКызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн
Кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн
1/3
Имараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар залы айнектелген.
2/3
Кишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди байкоого болот
3/3
Кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Ар бир кызматкердин иштей баштаганына канча жыл толгону ушундай белгиленип турат экен. Шыктандырбай койбойт, чынбы?.. 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыАр бир кызматкердин иштей баштаганына канча жыл толгону ушундай белгиленип турат
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Ар бир кызматкердин иштей баштаганына канча жыл толгону ушундай белгиленип турат

Кеңсе ашкере кооз же кымбат буюмдар менен деле жасалгаланган эмес. Бирок кишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди да байкоого болот. Ошондой эле имараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар зал айнектелген. Айтмакчы, береги сүрөттөгү дал ушул жыйындар залында Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг да жыйын өткөрөрүн эшиттик. 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыДал ушул жыйындар залында Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг да жыйын өткөрөт
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Дал ушул жыйындар залында Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг да жыйын өткөрөт

Эгер күндүз уйку басса, ушул "Тынч бөлмөгө" кирип, убактысын белгилөө менен куш уйку салып алууга да болот. 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыЖумуш учурунда куш уйку салса да болот
Офис Facebook в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Жумуш учурунда куш уйку салса да болот

Апта соңунда кызматкерлер үй-бүлөсү менен кампусту кыдырып, кааласа эс алып, балдар ойной алышат. Ал үчүн биздин соода борборлорубуздагы залдардан кем калышпаган атайын оюн бөлмөлөрү да бар. Ошондой эле кеңсе ичинде эне-бала бөлмөлөрү да каралган. 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыКеңсе ичинде эне-бала бөлмөлөрү да каралган
Офис Facebook в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Кеңсе ичинде эне-бала бөлмөлөрү да каралган

Эгер орток залдан обочо иштейм десеңиз, буга да шарт түзүлгөн. 

© Фото / Рина ПазыловаЫзы-чуудан алыч болом деген кызматкердин орду
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуудан алыч болом деген кызматкердин орду

Бул жаңы кеңсенин макети. Укмуш бекен, ээ, туугандар? 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыЖаңы кеңсенин макети
Офис Facebook в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Жаңы кеңсенин макети

Кеңседе эч кем-карчыңыз болбойт. Шам-шум эткиңиз келсе, ар бир блоктон мындай чакан ашканаларды таба аласыз. Ал жактан чай, кофе, суусундуктун түрү, йогурттан тарта кургатылган жемишке дейре бар. Мүнөздөп тамактансаңыз, ага ылайык да азыктар жок эмес.

А баса, сергий турган бөлмөлөрдөн жыпар жыттуу самын, атайын гель, крем, тиш жуучу паста, щетка, ал тургай, аялдар үчүн гигиеналык каражаттарга чейин коюлган. 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыШам-шум эткиңиз келсе, ар бир блоктон мындай чакан ашканаларды таба аласыз. Ал жактан чай, кофе, суусундуктун түрү, йогурттан тарта кургатылган жемишке дейре бар. Мүнөздөп тамактансаңыз, ага ылайык да азыктар жок эмес
Офис Facebook в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Шам-шум эткиңиз келсе, ар бир блоктон мындай чакан ашканаларды таба аласыз. Ал жактан чай, кофе, суусундуктун түрү, йогурттан тарта кургатылган жемишке дейре бар. Мүнөздөп тамактансаңыз, ага ылайык да азыктар жок эмес

Имараттын чатыры өзүнчө эле бакча. Мында кызматкерлер үчүн йога, ар кыл эс алдырмай кечтери өтөт. Ошондой эле ишин аткарып, тыным алууга чыккан жумушчу кыдырып, табиятка да суктана алат. Айрым маалыматтарга караганда, бул чатыр бакчасына 400 түп бак отургузулган. Аталган паркта "шаарчанын" аймагындагы кафе-ресторандардан да акысыз алынган тамак же балмуздактан тата табиятка тамшана аласыз. Кызматкерлердин айтымында, кампустун короосундагы эки ресторандан тышкары бардык тамактануучу жайлар бекер тейлейт.

Азыркынын эрмеги жана бул ишкананын бир бутагы болгон Instagram жайгашкан кеңсеге да баш бактым. Шарттары бирдей эле. 

© Фото / Рина ПазыловаInstagram жайгашкан кеңсе
Журналист Айнагуль Сапарбек кыз - Sputnik Кыргызстан
Instagram жайгашкан кеңсе

Ушунча кыдырган соң YouTube кеңсесин көрбөй кетемби дедим. Бирок дем алыш күнгө туш келгендиктен, ичине кире албадым. "Эшигин көрүп төрүнө өт" дейт эмеспизби, айланасы эле адамды кайдыгер калтырбайт экен. Ал эми ичин кыдырууну кийинки жолку сапарга пландадым. 

© Фото / Айнагуль Сапарбек кызыYouTube кеңсеси. Айланасы эле адамды кайдыгер калтырбайт экен
Офис Facebook в Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
YouTube кеңсеси. Айланасы эле адамды кайдыгер калтырбайт экен

PS: Кудай буйруп, маңдайга жазылган болсо, кызматкерлериме дал ушундай шарттары арбын бир ири ишкана ачкым келет. Чамдайын анда, ээ? 

© Фото / Рина ПазыловаЭстен кеткис саякат...
Журналист Айнагуль Сапарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Эстен кеткис саякат...

Жаңылыктар түрмөгү
0