Эски аянттагы Курман айт намазы. Түз эфир аяктады

Жазылуу
Бишкекте Курман айт намазы бүгүн, 21-августта эски аянтта башталды.

Эл аянтка таңкы саат 06:30дан бери топтоло баштады.

Айт намаздын программасы төмөнкүчө:

06:30-07:15 — дин аалымдарынын баяндамалары;

07:15-07:35 — муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;

07:35-07:45 — өкмөттүн куттуктоосу;

07:45 — айт намаз.

Адатта Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Былтыр Курман айт 1-сентябрга туш келген.

Курман айт күнү Бишкектин кайсы көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилерин Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0