Уулунун футболдук карьерасы үчүн аялынын көзүн тазалап... Спортчу агынан жарылганда

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутболчу. Архив
Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баласынын карьерасынын башталышында ата-энеси документтерди жасалмалап, жашын беш жылга кыскартып койгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Борбордук Африкада жайгашкан Габон мамлекетинин футбол боюнча курама командасынын мурунку чабуулчусу Шива Н'Зигу анын "футбол дүйнөсүндө өсүп-өгүүсү үчүн" энеси курмандыкка чалынганын Le Chroniques du Gabon каналына маек куруп жатып айтып берген. Бул тууралуу Sputnik Франция жазып чыкты. 

​Шиванын атасы жубайын уулунун спорттук карьерасы үчүн өлтүргөнүн түшүндүргөн.

"Апам о дүйнөдө. Анын мен үчүн курмандыкка чалынганын айтып кетишим керек. Мен көптөгөн келишимге кол койдум. Бул биздин үй-бүлөнү акчага марытты. Апамды өлтүргөн атам дал ушуга ишенген. Бирок акча көптөгөн чуунун себепкери да болгонун белгилейм", — деди спортчу.

Шиванын айтымында, үй ээси жубайынын көзүн уулунун каршылыгына карабай тазалаган.

Раскопки филистерского кладбища в Ашкелоне - Sputnik Кыргызстан
Перу: курмандыкка чалынган балдар көмүлгөн ири жай табылды
"Мен атамдын антүүсүнө каршы элем, бирок ал болбой эле ойлогонун жасап койду", — деди Н'Зигу.

Футболчу карьерасынын башталышында ата-энеси документтерин жасалмалап, атын өзгөртүп койгон, андан тышкары жаш курагы да беш жылга кыскарып калган. Азыр Шива 35 эмес, 40 жашта экени белгилүү болду.

Н'Зигу Габондун курама камандасында 2000-жылдан 2008-жылга чейин ойноп, 2016-жылы футболдон кеткен. Улуттук команданын курамында 24 беттеш өткөрүп, беш гол киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0