БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Сокулук районунда кырсыктаган автоунаа милиция кызматына таандык экендигин активист Болот Ибрагимов Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Жол кырсыктын видеосун ал Instagram тармагына жүктөгөн. Автордун айтымында, окуя 17-августта саат түшкү үчтөр чамасында болгон.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн жол кырсык болгондугун тастыкташты.
![ДТП с милицейской машиной в Сокулуке ДТП с милицейской машиной в Сокулуке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104067/12/1040671263_0:0:660:878_600x0_80_0_0_3495115c6e46e17ab5487479090acd03.jpg)
"Автоунаа Талас облустук милициясына таандык экен. Ал Бишкектен кетип бара жатканда автоунаа бузук болгондуктан, айдоочу рулга ээ боло албай калып, ала салып кетиптир", — деп айтышты аталган башкармалыктын маалымат кызматынан.
Алар жол кырсыктан эч ким жабыркабагандыгын кошумчалашты.
Бишкекте 17-августта маршуртканын айдоочусу 9 жашар баланы койдуруп, тебелеп кеткен.