БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Курман айт намазы 21-август күнү Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат. Намазга чогулуу таңкы саат 06:30да башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:30-07:15 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:15-07:35 — муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;
07:35-07:45 — өкмөттүн куттуктоосу;
07:45 — айт намаз.