Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОзера на территории Карагачевой рощи
Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрди түзөт.

БИШКЕК, 6-авг — Sputnik. 7-августта республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Таласта +30…+35 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +25…+30, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын температурасы +34…+36 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0