Туристтин таштан-ташка урунуп түшкөн видеосун The Daily Mail басылмасы жарыялаган. Окуя Индиянын киши эң көп барган Гокак шаркыратмасында катталган.
Анда 24 жаштагы Субрат Наг аттуу жигит 15 метр бийиктиктеги шаркыратманын кырына туруп өзгөчө селфи жасоону чечкен. Бир убакта таштан тайгаланып, кармана албай кулап кеткен. Жыгылганда аз жерден сууда турган бир кишини да сүзүп кете жаздаган.
Маалыматта жигиттин өлүү-тирүүсү жазылган эмес.