БИШКЕК, 23-сен. – Sputnik. Украинанын Индиядагы элчиси Игорь Полиха Делинин борборунда селфи жасап жатканда телефонун жулдуруп жиберген. Бул туурасында РИА Новости калаанын полициясына шилтеме кылып кабарлады.
Окуя туристтер арасында белгилүү болгон байыркы чептин урандылары калган, азыр мамлекеттик майрамдар өткөрүлгөн жерде болгон.
"Элчи селфи кылып жатканда телефонун колунан жулуп кетишти. Ууру аппаратты алды да артын карабай качты", — деп билдирген шаардын полициясы.
Тартип сакчылары телефон чырын документтештирип, азыр колу туткакты издеп жаткандыгын айтышты.