Адамда эки гана көйгөй болушу мүмкүн... Темир Жумакадыровдун ойлорунан

© Sputnik / Табылды КадырбековТемир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Архив
Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзү тирүү болгондо бүгүн, 4-августт,а кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 39 жашка толмок.

Тилекке каршы, ал өткөн жылдын октябрь айында президенттик шайлоого карата даярдык иштери менен таанышууга Талас облусуна бара жатып жол кырсыгынан каза болгон.

Жумакадыров мамлекет үчүн жан-дили менен күйүп, коррупцияны жок кылуу, күч түзүмдөрүн реформалоо, жол коопсуздугу тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бурчу.

Аны эскерүү менен бирге бүгүнкү көйгөйлөрдүн, жашоо-турмуштун жана патриоттуулуктун тегерегинде калчаган ойлорунан үзүндүлөрдү сунуштайбыз.

— Эгер адам мамлекеттин кызыкчылыктары менен жашап, өзүн чыныгы мамлекетчил деп эсептесе, анда ал аз айлык маянасына жана жумуштун кыйын шартына карабастан күндүр-түндүр иштейт. Мындай адамдарды мен өлкөнүн элитасы, мамлекетчилдер деп эсептейм.

Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
— Жарандар мамлекеттик кызматты акча табуунун куралы катары көрбөшү керек! Мамлекеттик кызмат — бул мекенибиздин кызыкчылыктарына дал келген багытта иштеп, так милдеттерди аткара турган функционалдык орун.

— Кылмыштарды ачуу үчүн эмес, алардын болбошу үчүн иштеген укук коргоо органдарынын системасын түзүүгө умтулушубуз керек.

— Адамда эки гана көйгөй болушу мүмкүн деп эсептейм. Бул жакын адамдарыңды жана өзүңдүн ден-соолугуңду жоготуу. Калганын чечсе болот…

— Мен өнүккөн мамлекеттердегидей заманбап талдоочулук борбор түзгүм келген, бирок бул борбордун маңызы жөн эле комментарий берүү, сын айтуу эмес. Мен чечим кабыл алуу процессине өзүмдүн салымымды кошуп, бул процесстин сапатын жогорулаткым келчү.

— Сын, сунуш айтуу оңой. Ал эми карама-каршы жакка өтүп өзүңдүн сунуштарыңды өз колуң менен ишке ашыруу — бул башка нерсе. Сунуш бергенден ошол сунушту аткаруу көп эсе оор.

— Мен ар дайым окуяга реалдуу баа берүү үчүн токтоп, тыным алганга аракет кылам. Чечимди тынымдан кийин гана кабыл алам.

Панихида и похороны Темира Джумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Кошкула, жакшылар! 40тын кырында дүйнө менен кош айтышкандардан тарта...
— Биз мыкты инфраструктураны камсыз кыла алабыз, айдоочунун күбөлүгүн берүү процессин толугу менен жөнгө сала алабыз. Бирок жөө жүрүүчү жолдогу жүрүм-туруму боюнча өзүнүн жоопкерчилигин сезмейинче, жол жүрүү коопсуздугун толугу менен камсыз кылуу оорго турат.

— Укук коргоо органдары коррупциогендик рейтингде алдыңкы орундарды ээлегендиги жана коргоону чөйрөсүндөгү уурдоолордун болгону биз үчүн кайгылуу. Бирок азыр себептерин издөөгө убакыт жок. Биздин милдет — ушул сыяктуу процесстерди токтотуу үчүн колдон келген аракетти жасоо жана жагдайды кескин түрдө өзгөртүү.

— Коррупциялык мамлекетте олуттуу реформа жүргүзүү мүмкүн эмес. Кыргызстан үчүн коррупцияны жеңүү — бул мамлекеттин кийинки жашап кетүүсүнүн өбөлгөсү.

— Коррупция менен күрөшүү коом тараптан уяткарууга негизделиши керек.

Белгилей кетсек, Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева аны ыр менен эскерди.

Жаңылыктар түрмөгү
0