Жума күнүнө карата аба ырайы

© AFP / ROSLAN RAHMANКөгүчкөн. Архив
Көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 2-авг — Sputnik. 3-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +24…+29 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +21…+26, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34 градус ысык болот.

Ош шаарында абанын температурасы +30…+32, Бишкекте +28…+30 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0