Жалал-Абадда жер титиреди

Жазылуу
Силкинүү Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында сезилген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жалал-Абадда күчү үч баллга жеткен жер титирөө каттадганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер бүгүн саат 15.14тө силкинген. Жер титирөө Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 балл, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 балл болуп сезилгеи айтылды.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0