00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Суракматов суурулуп чыга алабы? Бишкек мэрин шайлоонун оош-кыйышы

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов. Архив
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын башчысы 8-августта шайланат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ошентип Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары Азиз Суракматов гана каттоого алынып, жападан жалгыз талапкер болуп калды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 31-июлда саат 18:00гө чейин талапкерлерден арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болгонун, бирок эч кимден сунуш түшпөгөнүн билдирди.

Азиз Суракматов деген ким?

Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөтүп, ал буга чейин мэрияда, шаардык кеңеште жана Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан жумушту ичинен билери жүйө келтирилип, ишти алып кетери айтылган.

Эми 8-августка белгиленген калаа башчысын шайлоонун өтүшү боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдон жооп алдык. Андан сырткары, "Бишкек шаарынын статусу жөнүндөгү" мыйзамдын 23-беренесинде ("Бишкек шаарынын мэрин шайлоо") кандай жазылганына токтолуп көрдүк.

Жаңы талапкерлер болобу?

Дордой соода комплексинин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллиардерден милиционерге чейин. Бишкек мэрлери бул кызматка чейин ким болгон
Калаа башчысы болом дегендердин документтерин кабыл алуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаңы талапкер чыкпайт. Шаардык кеңештин депутаттары 8-августта боло турчу шайлоодо жашыруун добуш берүү менен Суракматовдун талапкерлигин колдоого алат же албайт. Белгилей кетсек, талапкерлерди Бишкек шаардык кеңештеги беш фракциянын ар бири көрсөтүүгө акылуу болчу. Андан тышкары, көпчүлүк жана азчылык коалициялары менен премьер-министр дагы талапкер көрсөтө алмак. "Борбор калаанын статусу жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, калаа башчысы болом деп өзүн өзү көрсөтүүгө болбойт.

Жеңүүчү кантип аныкталат?

Шайлоо өттү деп таанылышы үчүн ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси катышышы керек, башкача айтканда, 30 депутаттын добуш берүүсү кажет. Ал эми мэр боло турчу талапкердепутаттардын көпчүлүгүнүн добушун алышы керек (45 депутаттын 23үнүн добушун).

Мэр шайланбай калса эмне болот?

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында мэр шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы үч календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.

Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Башкача айтканда, кийинки шайлоо 26-августка чейин дайындалат.

Жалгыз талапкер шайлоого катышуудан баш тартса абал кандай болот?

Ош облусуна жетекчи болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун жаңы башчысы Жылкыбаев: мени эмнеге "караларга" кошо беришет, түшүнбөйм
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбай, же катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт. Анда да Боршайком үч календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындап, шайлоо 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.

Эгер шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калсачы?

Шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Боршайком шайлоону үч календардык күндүн ичинде кайра дайындайт. Ага мурда катталган талапкерлер катышат.

Учурдагы талапкер кайра дайындалган шайлоого катыша алабы?

Эгер кворум жок болуп шайлоо өтпөй калса, катыша алат. Калган учурларда катыша албайт.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы качан чыгат?

Шайлоонун жыйынтыгын аймактык шайлоо комиссиясы 7 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Жаңы шайланган мэрге күбөлүк тапшырылат.

Мэрди канча жолу шайлаганга мүмкүнчүлүк бар?

Эгер шаардык кеңеш эки жолу мэрди шайлай албай калса, президент Бишкек шаардык кеңешин таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Ал ортодо Суракматов 31-июлда кыргыз тилинен экзамен тапшырып, комиссия мүчөлөрү "кыргыз тилин билет" деген жыйынтык чыгарышкан.

Баса, буга чейин Таалайбек Сарыбашев дагы Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер катары көрсөтүлүп мэр болгон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0