Миллиардерден милиционерге чейин. Бишкек мэрлери бул кызматка чейин ким болгон

© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой""Дордой" соода комплексинин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков. Архив
Дордой соода комплексинин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарына башчы болгондор бул кызматка чейин кандай тепкичтерди басып өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги баамдап көрдү.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын орто ченинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ошол учурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөй, ээрден оодарып түштү.

Экс-мэр учурда камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталып жатат.

Эми жаңы калаа башчысын шайлоо 8-августка белгиленди. Көпчүлүк коалиция бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы колдошууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектин мурдагы мэрлери бул кызматка келгенге чейин ким болгонун тизмектеп чыкты.

Акматбек Нанаев (1990-1991-жыл)

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАкматбек Нанаев
Эдуард Амвросиевич Шеварднадзе и Акматбек Нанаев - Sputnik Кыргызстан
Акматбек Нанаев

Бишкектин биринчи мэри. Ал алгач партиянын Свердлов району боюнча комитетти жетектеп турган.

Абдыбек Суталинов (1991-1992)

© предоставлено Александром ФедоровымАбдыбек Суталинов
Заместитель Председателя Конституционного суда КР Суталинов Абдыбек - Sputnik Кыргызстан
Абдыбек Суталинов

Милиция кызматкери. Мэрлик кызматка келгенге чейин ички иштер министринин орун басары болгон. Иштен кеткенден кийин кайра эле ИИМге барган.

Өмүрбек Абакиров (1992-1993)

© предоставлено Александром ФедоровымӨмүрбек Абакиров
Экс-Глава государственной администрации Бишкека Омурбек Абакиров - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Абакиров

Беш жыл бою калаа башчысынын орун басарлык кызматын ээлеген. Кийин шаардык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп жүрүп, мэрлик кызматка келген.

Жумабек Ибраимов (1994-1995)

© Фото / семейный архив ИбраимовыхЖумабек Ибраимов
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Жумабек Ибраимов

СССРдин Жогорку советинин экс-депутаты калаа башчылыгына келгенге чейин "Жанар" акционердик коомунун генералдык директору болгон. Карьерасындагы эң бийик тепкич премьер-министрлик кызматы болуп эсептелет.

Борис Силаев (1995-1998)

© Александр ФедоровБорис Силаев
Экс-мэр города Бишкек Борис Силаев - Sputnik Кыргызстан
Борис Силаев

Бишкектин Октябрь райондук администрациясын жетектеп турган. Ал эл тарабынан шайланган жападан жалгыз башчы.

Феликс Кулов (1998-1999)

Темир генерал мэр болгонго чейин Чүй облусун башкарган.

Медетбек Керимкулов (1999-2005)

© предоставлено Александром ФедоровымМедетбек Керимкулов
Президент ассоциации нефтетрейдеров Кыргызстана Медетбек Керимкулов - Sputnik Кыргызстан
Медетбек Керимкулов

Мурдагы эки мэрдин биринчи орун басары болгон. Кийин 1999-жылы калааны өзү жетектеп калды. Ал шаарды алты жыл бою башкарып рекорд койгон.

Аскар Салымбеков (2005-жылдын апрель айынан август айына чейин)

© Фото / Александр ФедоровАскар Салымбеков
Президент ассоциации Дордой Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Аскар Салымбеков

Бул убакыт аралыгында мэрдин милдетин аткаруучу болуп турду. Ага чейин Нарын облусунун губернатору эле. Учурда Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктап келет.

Арстанбек Ногоев (2005-2007)

© предоставлено Александром ФедоровымАрстанбек Ногоев
Бывший глава столицы Арстанбек Ногоев. - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Ногоев

Мэр болгонго чейин эки жыл бою калаа башчысынын орун басары болуп турган. Кийин айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган. Андан соң Россиянын жарандыгын алып, Пенза облусунун башчысынын орун басары, Кашира шаарынын вице-мэрлик кызматын аркалаган. 2014-жылы Чолпон-Атадагы ипподромду мыйзамсыз негизде менчиктештирүү боюнча козголгон кылмыш иштин фигуранты болгон.

Данияр Үсөнов (2007-2008)

© AFP / JACQUESCOLLETДанияр Үсөнов
Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Данияр Үсөнов

2007-жылдын март айына чейин биринчи вице-премьер болуп турган. Ошол эле жылдын октябрь айында Бишкектин мэри болуп шайланган. Марттан октябрга чейин эмне иш менен алектенгени белгисиз.

Нариман Түлеев (2008-2010)

© Sputnik / Табылды КадырбековНариман Түлеев
Бывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев - Sputnik Кыргызстан
Нариман Түлеев

Мэрликке келгенге чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын үч жыл башкарган.

Иса Өмүркулов (2010-2013)

Оппозиция өкүлдөрүнүн бири жана Жогорку Кеңештин депутаты апрель революциясынын эртеси эле — 2010-жылдын 8-апрелинде Бишкекке башчы болгон.

Кубанычбек Кулматов (2014-2016)

© Sputnik / Табылды КадырбековКубанычбек Кулматов
Бывший глава Таможенной службы Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Кулматов

Мурдагы бажычы мэр болгонго чейин жарым жылга жетпеген убакыт аралыгында Чүй облусун жетектеген.

Белгилей кетсек, учурда коомчулук арасында мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, калаа тургундары шайлашы керек деген маселе көтөрүлө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0