Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Республика боюнча 1-августта жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда 25…30, Таласта 23…28 градус ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 28…33 градуска дейре көтөрүлөт. Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 20…25 градус ысык болушу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 31…33 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0