БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында 31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй облусунда 29…34 градуска дейре ысыйт. Таласта 27…32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 31…36 градуска жетет. Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 22…27 градус жылуу болушу болжолдонду.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 32…34 градуска чейин жогорулайт.