Ысык-Көлдө күн кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинПляжный сезон на Иссык-Куле
Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде маал-маалы менен өткүн өтүп турат.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет 30-июлдан 5-августка чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, 30-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдү эки өспүрүм - Зинаида менен Азрет 8 саатта сүзүп өттү. Видео
Дүйшөмбү күнү, 30-июлда түнкүсүн Чүйдө 13…18 градус жылуу болуп, күндүз 29…34 градуска чейин ысыйт, Талас облусунда түндө 10…15 градус жылуу, күндүз 26…31 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 15…20 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 30…35 градуска чейин жетет. Ысык-Көлдө түндө 9…14 градус жылуу болуп, күндүз 23…28 градуска дейре ысыйт. Нарында түнкүсүн 7…12 градуска жылып, күндүз 23…28 градуска чейин көтөрүлөт.

31-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Башка облустарда аба ырайы кескин өзгөрүлбөйт.

1-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүйдө түндө 14…19 градус жылуу болсо, күндүз 28…33 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түндө 11…16 градус болуп, күндүз 26…31 градуска чейин ысык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 15…20 болуп, күндүз күндүн табы 29…34 градуска чейин жетет. Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12 күндүз 21…26 градус болот. Нарын облусунда түнкүсүн 5…10 градус болсо, күндүз 21…26 градуска чейин ысыйт.

2-августта жана 3-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Аба ырайынын температурасы кескин өзгөрбөйт.

Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"
Дем алыш күндөрү — 4-5-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы салыштырмалуу бир-эки градуска жогору болот.

Ал эми Бишкек шаарында 30-июлда өткүн өтүп күн күркүрөп, түндө 15…17 градус болсо, күндүз 32…34 градуска чейин ысык болот. 31-июлда күн ачык болуп, аба ырайынын температурасы өзгөрбөйт. Бирок 1-августта өткүн өтүп, түнү 16…18 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 31…33 градуска ысыйт.

Ош шаарында да июль айынын аягына чейин ушундай эле аба ырайы сакталып, 1-августта түндө 18…20 градус жылуу болуп, күндүз 31…33 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0