БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Аалам ажары" эл аралык сулуулук сынагына катышкан кыздарга финалда купальник кийип чыгуу эрежеси алып салынды. Бул туурасында аталган долбоордун маалымат кызматы билдирди.
Кыздар анын ордуна чыгармачылык өнөрүн тартуулашат.
"Адамдын сулуулугу ички дүйнөсүндө жашырылган. Кыздар келечекте төрөп, эне болот. Ошондуктан коомчулуктун алдына жарым жылаңач болуп чыгышканы этикага туура келбейт деп эсептейм", — деп калыстар тобунун төрагасы жана эл аралык долбоордун башкы продюсери Леонид Хромов билдирген.
"Аалам ажары — 2017" эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандан Алина Фролова катышкан. Быйылкы сынак октябрь айында Москва шаарында өткөнү жатат.