Бишкектеги батирлердин баасы мигранттар салган акчага байланыштуубу? Жооптор сүрөттө

Жазылуу
Бул экөө бири-бирине абдан тыгыз байланыштуу экен! Башка жактан акча канчалык көп которулса, борбор калаадагы турак-жайдын баасы ошончо кымбаттаары анык болду.

Эмгек мигранттары жөнөткөн акча Бишкек шаарындагы кыймылсыз мүлккө таасирин жакшы эле тийгизет. Мисалы, 2015-жылы чет жактан келген каражат эки эсе кыскарып, үйлөрдүн баасы 25 пайызга түшүп кетти.

2018-жылдын алгачкы беш айында эмгек мигранттары 0,97 миллиард доллар которгон. Бул сумма бир жыл мурдагыга салыштырганда 14 пайызга көп.

Эксперттер мындан улам күздө үйлөр кымбаттаарын айта баштады. Турак-жайды качан сатып алуу жакшы экендигин Sputnik агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0