Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызстан менен Тажикстанда алп бөбөктөр төрөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКлинический родильный дом №2 в Бишкеке
Клинический родильный дом №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрүбүзүдүн дагы бир күнү башталды. Бул күн ар бирибизге тынчтык жана жагымдуу ирмемдерди тартууласын.

Эмгек өргүүсүнө чыгып, Ысык-Көлгө же тоо койнуна барайын деп тургандарга күмүш сырга. Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк жеринде маал-маалы менен жаан жаайт.

Көл демекчи, колумнист Абдыкерим Муратов роликтерден көрүп, кызыгып, андан соң бала-чакасын алып Кыргызстанга, Ысык-Көлгө "асыгып" келген казак баурдастын баянын кагазга түшүрдү. Коноктун көңүлүн чөгөргөн окуя тууралуу окуп койсоңуз болот.

Мэр шайлоо. Кечээ Бишкек мэри шайланчу күн белгилүү болду эле, кесиптештер шаар жетекчилигине ат салышышы мүмкүн делген адамдарды тизмектеп чыкты.

Арасында биз күткөн да, күтпөгөн дагы кишилер бар.

Телефон уурдалбай калат. Уюлдук телефондорду каттоого коюу боюнча мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды. Бул документ кабыл алынып калса, уюлдукм телефондор каттоого алынып, кайсы телефон кайсыл жакта  жүргөнү алаканга салынгандай көрүнүп калат. Демек уурулардын тилегин таш кабат. Ошондой эле болсо экен.

Алп бала. Ал ортодо Тажикстанда дагы жагымдуу окуя болду. 8-июль күнү Куляба шаарында жашаган келин 8 килограммдык уул төрөдү. Дарыгерлердин айтымында, учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Ал эми баланын атасы тукумдары, чоң аталары алп кишилер болгонун айтып, бөбөктү аларды тартып калса керек деп божомолдоп жатат. Буга чейин бишкектик келин 6 килограмм 230 грамм салмактагы наристелүү болгон.

АзияMIX командасынын алгачкы клиби. Бишкектин КВНчилер алгачкы клибин тарттырып, элдин сыноосуна койду. Ага Элдияр Кененсаров, Аким Карасаев, Марат Жуманалиев жана Нагима Ахметова тартылган. 

© YouTube/ GAKKU TVЭто новый хит! АзияMIX выпустила первую песню и сняла клип — видео
Это новый хит! АзияMIX выпустила первую песню и сняла клип — видео - Sputnik Кыргызстан
Это новый хит! АзияMIX выпустила первую песню и сняла клип — видео

Жаңы көчө. Екатеринбург шаарындагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты бериле турган болду.Мындан сырткары Уралдын борборунда "Гүлсарат" чыгармасындагы башкы каармандын эстелиги жасалып, ал кийинчерээк Чолпон-Ата шаарына орнотулат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.05 (сатып алуу) жана 68.10 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.60 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.90 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жагымдуу кабарлар көп болсун!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0