БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 24-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30 градуска чейин көтөрүлөт. Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз күндүн табы 25…30 градуска дейре ысыйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36 градус болушу күтүлөт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30 градуска чейин ысыйт.
Ал эми Бишкекте түнкүсүн 19…21, күндүз 28…30, ордолуу Ош шаарында түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градус ысык болору айтылды.