Дүйшөмбүгө карата аба ырайы. Көпчүлүк аймактарда күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Иссык-Кульской области
Природа Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй менен Ысык-Көлдө өткүн өтүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 23-июлда күндүз Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүйдө түнкүсүн 18…23 градус болсо, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт.

Аномальная жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн аба ырайы +60 градус болот деп айтылган? Кыргызгидрометтин түшүндүрмөсү
Таласта түндө 12…17 градус болуп, күндүз күндүн табы 30…35 градуска дейре ысыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түндө 19…24 градус болуп, күндүз 34…39 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көлдө түндө 12…17 градус болсо, күндүз 24…29 градуска дейре жетет.

Нарында түндө 10…15 градус жылуу болуп, күндүз 28…33 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0