БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 22-июлда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Таласта +31…+36 градуска жетет.
Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +23…+28, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35…+40 градус ысык болот.
Ош шаарында +37…+39, Бишкекте +36…+38 градус болушу болжолдонууда.
Шамалдын багыты секундасына 1-6 метрге жетип, өзгөрүлүп турат.