Өкүл ата, өкүл эне шайлаарда эмнелер эске алынышы керек. Аларды кайра алмаштырса болобу? Өкүл ата, өкүл апага байланыштуу тыюуларды Sputnik Кыргызстан агенттигине тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мырзакметов айтып берди.
Өкүл атаны алмаштырууга болбойт. Нике бир жолу кыйылгандай эле, жаштарга өкүл ата, өкүл эне дагы бир гана жолу тандалат. Каза болуп калса, ал тургай карым-катнаш ысык болбосо деле башкалар тандалган эмес.
Санын көбөйтүп улам эле шайлабайт. Илгери бир жаш бүлөгө бир гана үй-бүлө өкүл ата, өкүл апа болуп шайланчу. Кийинчерээк каада бир аз өзгөрүп келинге өзүнчө, уулга өзүнчө бөлүнүп, эки үй-бүлөдөн шайлап башташты. Андан сырткары "аш көп болсо, каада көп" болуп алардын санын үч-төрттөн ашырып, дайындап алган да туура эмес.
Жаш жубайлардын өз ата-энесинен улуу адамдарды өкүл ата, энеликке шайлабайт. Колдон келсе, алар бир куракта жана кичүүрөөк болгону оң.
Өкүл ата, өкүл эне тойго келбей койбойт. Айрыкча, жаштардын никеси кыйылып жатканда бул адамдар сөзсүз катышып, күбө болушу шарт.
Өкүл балдар аларга эже-жеңе, байке деп кайрылбайт. "Өкүл ата өз ата, аман болсун кайната" деген сымал, эгерде жакшы катышса, булар өз болуп калат. Ошондуктан аларды "ата, апа", балдарын "таене, таята" деп айттырыш керек. Мында мамиле аларга жасалган сый-урматтан кабар берет.
Туугандарынан өкүл ата-эне койбойт. Айрымдары досторун эле баласына өкүл ата, өкүл эне койсо, кээ бири буга чейин катышпаган адамдарды деле шайлашат. Бирок эч убакта жакын туугандарын бул орунга коюшкан эмес.