Бутуңду чечип кирчи! Туристтер кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайдын келиши менен Кыргызстанга чет жактан келген эс алуучулардын да агымы көбөйө түштү. Айрымдары Ысык-Көлгө түшкөнү келсе, кээ бири тоо аралап саякаттоого кызыкдар.

Туристтердин өлкөгө көп келгени жакшы деңизчи, аларды жан алыбыз калбай тосуп алабыз. Бирок айрым учурда аргасыз баш чайкайсың. Чет жактан келген эс алуучулар жергиликтүү тургундардын, гиддердин жанын кайсыл учурда кашайта турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Озеро Иссык-Куль в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды
Өзүнчө эле таза боло бергендер. Мындай туристтер талаптарын тоо-таштан  койгонду жакшы көрөт. Антенна чыкпаган, тейлөө кызматы жок жерге барышат да жуунат элем, дүкөн  жок го деп нааразы болот. Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктеги жерде кайдагы шарт?

Калп эле билмексен болгондор. Эс алганыбы же саякаттаганы барабы, ким болбосун ал өлкөнүн маданият, салт-санаасын алдын ала бир сыйра окуп-билип алышы зарыл. Кыргызда үйгө бут кийим менен кирбейт, дасторконду тебелебейт деп түшүндүрүп жатсаң да, кулагынын сыртынан кетирип жинге тиет. Эч нерсе билбеген турист экен деп дасторкондун үстүнө отургузуп, бут кийимин төргө чечтирип коймок беле. Кызык, ушулар…

Динди түшүнбөгөндөр. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү мусулман болгондуктан, өлкө аймагында мечиттер арбын. Айрым учурда туристтердин аялдары ал жакка жоолугу жок, эркектер жарым жылаңач болуп кирип барышат. Кичине ар жак-бери жактан бир сыйра сурап, жок дегенде интернеттен карап албайбы.

Сайма сайып жаткан кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Деле бир жаш болбогонсуп... Улуулар кыжырды кайнатканда
Уруксат албай сүрөткө тарта бергендер. "Сизди тарсам" болобу деп уруксат сурабай эле аял-эркегине карабай сүрөт, видеого тарта бергендер да жага бербейт. Айрыкча, кыз-келиндерди сүрөткө тартуудан мурда уруксат сураганды унутпашы керек. Маңкасы аккан балдарды, тиши түшкөн абышкаларды, бүкчүйүп турган карыларды тартып алганга маш. Бул аракети жергиликтүүлөргө көп жага бербейт. Анан калса ал сүрөттөрдү алып барып өз өлкөсүндөгүлөргө бизди бир "байкуш" кылып туруп көргөзмөгө коюп коет.

Акылдуу сезе бергендер. Өздөрүн өтө акылдуу, бизди бир эч нерсе түшүнбөгөн жапайы адам катары кабыл алган чет элдиктер да жинге тийишет. Анан калса биз аларды жеп алчудай корккон туристтерге да таң каласың. "Кыргыз эли меймандос, кичи пейил калк. Үйүнө чакырса коркпой эле бара бергиле, тиштеп албайт" деп кыйкыргың келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0