00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Как сегодня восстанавливают слух и почему не стоит откладывать обращение к врачу
14:08
62 мин
Ачык кеп
Климат өзгөрүп жаткан шартта Бишкектеги бак-дарактарга кам көрүү жана жаңы көчөттөрдү өстүрүү иштери кандай жүрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жомок – баланы тарбиялоонун эң маанилүү куралы. Эмне үчүн балдарга жомок окуп берүү абдан маанилүү?
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Улуттук мурастын сакчысы – Динара Чочунбаева
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Климат өзгөрүп жаткан шартта Бишкектеги бак-дарактарга кам көрүү жана жаңы көчөттөрдү өстүрүү иштери кандай жүрүүдө?
21:10
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Деле бир жаш болбогонсуп... Улуулар кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековСайма сайып жаткан кары аял. Архив
Сайма сайып жаткан кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улууга урмат, кичүүгө ызат деген элибизде жакшы сөз бар. Ооба, карынын сөзүн капка салып, айтканын жасаш керек. Бирок жаш курагына таянып эле жаштарды жамандай берген болбойт да.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет улуулардын кыжырга тийген учурларын карап чыкты. Бул аларды сыйлабастыкка жатпайт, бирок жаштардын оюн да билип көрдүк.

Международный фестиваль ремесленников Оймо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сиз деле келин болгонсуз да... Кайнене кыжырды кайнатканда
Коомдук унаада какшангандар. Маршрутка, автобустарда "азыркы жаштар улууларга орун билгенди билбейт, калп эле уктап калат" деген улуу адамдардын сөзүн укпаган жаш жок болсо керек. Бели бекчейген ата-апалар айтса да мейли, 40тагы аялдар какшанганда жан кашайбай койбойт. Кире элек жатып наалыгандачы. Тыгылган адамдардын арасынан кээде көрбөй же жумуштан чарчап чыгып уктап деле калышың мүмкүн да. Жаштар адам эместей мамиле кылышат, тобо.

"Жаш кезин" унута албагандар. "Биз жаш кезде кир жуучу машина жок болчу, күндө керме-керме кир жууп, памперс дегенди билген эмеспиз" деген апаларынын сөзүн укпаган кыз-келин жок го. Жаш кезди кантип унутууга болсун, бирок баарын эле азыркы заманга байлай берген болбойт да. Даяр заманда төрөлүп калганга жаштар күнөөлүү эмес го акыры. Бир нерсе болсо эле "биз жаш кезде…" деп башташат.

Өзүн өтө акылдуу сезгендер. Асмандан түшүп, акылман болуп төрөлгөнсүп жаштарды "көк мээ" кылып койгон улуу муундун өкүлдөрү да аман болсун. Москва деле бир күндө курулган эмес да. Бара-бара тажрыйба топтоп, акыл кирээр аларга деле.

Больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өздөрүн Кудай сезет! Дарыгерлер кыжырды кайнатканда
Интернетке өчү барлар. Булар телефон, интернет дегенди укса итатайы тутулат. Урматтуу улуулар, азыр ошол интернет менен соода кылып, акча таап, жан багып калган заман келген. Атургай элдин баары азыр жаңылыктарды да ошол жактан окуйт. Өзүңөр деле интернеттен жүктөлгөн сериалдарды көрүп отурасыңар го.

Кейип-кепчигендер. Наалыса адам жанына тура албайт. Кичинекей нерсени чоң көйгөйгө айлантып, аны да көбүртүп-жабыртып баарын ызылдатып жиберишет. Чечилбеген маселе жок эмеспи, силер кейисеңер да кейибесеңер да баары буйругандай болот. Нервиңерди сактагылачы.

Кийимге асылгандар. Азыр жаштардын кийингенин жактырбаган улуулар көп. Кыздар кыска кийип, балдар чачын өстүрөт дешет. Эми базар менен дүкөндө жалаң ошондой кийим сатылса эмне кылсын. Өзүңөр деле жаш болгонсуңар да!

Жаңылыктар түрмөгү
0