Биздикилер! Футбол чемпионаты кыргызстандыктардын эсинде эмнеси менен калды

Жазылуу
Бул жолку футбол боюнча дүйнө чемпионатына кыргызстандык топ тепкичтер катышпаса дагы, мекендештерибиз күйөрман катары барып, тарыхый окуянын бир бөлүгү болуп кала беришти.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Дүйнө биринчилиги бүгүн, 15-июлда аягына чыгып, финалга жеткен Франция менен Хорватия мыктынын мыктысы деген наам үчүн ат салышат.

Бул чемпионат дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген күйөрмандар, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн дагы күтүлбөгөн жагымдуу эмоцияларды тартуулады.

Sputnik агенттиги биздикилердин мундиалга түздөн-түз тиешеси болгон учурларын тизмектеп көрдү.

Тандама раунд

Кыргызстандын курама командасы тилекке каршы, чемпионаттагы 32 катышуучунун арасында болгон жок. Бирок кыргыз футболчуларынын тандама турда Австралия менен таймашкан оюну көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан. Бирок бул футболчуларыбыздын  чеберчилигин көрсөткөн жалгыз оюн эмес. Мисалы, Иордания менен болгон беттеш Азия чемпионатына жолдомо алчу турларга эң жакшы оюн деп табылган. Мындан соң Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасап, 75-орунга илинген.

Чемпионаттагы кыргызстандык кыз

Бишкектик студент  Нуржамал Акматалиева Футбол боюнча дүйнө чемпионатына волонтер катары тандалып, уюштуруучуларга жардам бергени Россияга аттанган.

© Фото / из архива Нуржамал АкматалиевойБишкектик студент Нуржамал Акматалиева
Бишкекская студентка Нуржамал Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик студент Нуржамал Акматалиева

Ал эми Тынара Мавлянова Калининграддагы футбол талаасында коопсуздук офицери катары төрт оюнда кызмат көрсөттү. Ал Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA)  офицери болуп 2016-жылы дайындалган.

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандык Тынара Мавлянова Эл аралык футбол федерациясынын коопсуздук офицери
Кыргызстанка Тынара Мавлянова, которая стала офицером безопасности Международной федерации футбола (FIFA) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Тынара Мавлянова Эл аралык футбол федерациясынын коопсуздук офицери

Мелдештердин эрте башталышы

Россияда болгон чемпионаттын алгачкы оюндары саат 18.00дө, акыркылары түнкү саат 12де башталып жатты. Демек, оюндар бүткөндөн кийин жумушка чейин болгону 3-4 саат уктаганга шарт болду.

Миньоле, сенин футболкаңды алсам болобу?

Бельгия менен Япониянын футболчулары беттешип жаткан кезде кыргызстандык Арсан Алтыбаев "Mignolet can I have u'r t-shirt?" ("Миньоле, сенин футболкаңды алсам болобу?") деген плакат кармап турган. Кийин футболчу биздин мекендешти издеп, табылган соң футболкасын белек кылган.

Чемпионаттагы кыргыз желеги

Буга чейин дүйнө биринчиликтерине баруу дээрлик бардык кыргызстандыктар үчүн  ишке ашпаган кыял болчу. Бактыга жараша, бул жолку иш-чара миңдеген кыргыздар иштеген Россия фередациясында өтүп жатат. Негизи эле бул өлкөгө баруу азыркы кыргызстандыктар үчүн тоскоолдук  жаратпай калды. Ошол себептүү бир катар стадиондордо кыргыз желектери желбиребей койгон жок.

Күйөрман сулуулар

Кыргызстандын Футбол федерациясынын техникалык директору Анарбек Ормомбеков Англия курамасынын башкы машыктыруучусу Гарет Саутгейтс менен сүрөткө түшкөн. Ошондой эле ал өзүнүн баракчасына кыргыздын улуттук баш кийимдерин кийген эки сулуу менен сүрөтүн жарыялаган. 

Россия менен Ховатиянын мелдешинде топ көтөрүп чыккан бала

Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча курама командасынын капитаны, 14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков Россия менен Хорватиянын мелдешинде топ көтөрүп чыкты. Мындай укук алуу үчүн ал сынакка катышып жеңип чыккан.

Россия футболчуларынын мыкты оюну

Кыргызстанда футбол сүйүүчүлөр ар кайсы өлкөнүн курама командаларына күйөрмандык кылды. Мисалы, германиялык футболчуларга жан үрөгөндөрдүн эрте эле шагы сынып калса, Россияга күйөрмандык кылгандар команданын жетишкендиктерине абдан кубанышты.  Испания футболчуларын жеңип алган учур өзгөчө жакшы сезимдерди тартуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0