Видео YouTube каналына жайгаштырылган.
Жырткыч Subaru Forester унаасынын үстүндө тегеренип туруп, бир аздан кийин жерге түшкөн. Эки аяктап тура калып, алдыңкы эки колу менен автоунаанын эшигин ачууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Эшик жулунуп же сынып кеттиби белгисиз, себеби жаздыруу ушул жерден өчөт.
Аймактык токой чарба агенттиги менен жаныбарларды коргоо агенттигинин айтымында, жаалданган аюу боюнча эч маалымат түшпөгөндүгүн айтышкан.
Адистердин айтканына караганда, жырткычты унаанын ичиндеги тамактын жыты азгырып алып келиши мүмкүн.