Бишкекте 600 бала жөө жүрүшкө чыгып, Айтматовдун эстелигине гүл коюшту. Видео

Жазылуу
Борбор калаада "Ысык-Көл досторду чогултат" аттуу тогузунчу этно-фестиваль башталды. Ага катышууга өлкөнүн ар кайсы аймагынан жана Казакстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүнөн 600гө чукул балдар келишкен.

Жөө жүрүш "Россия" кинотеатрынын алдынан башталып, этно-фестивалга катышып жаткан өлкөлөрдүн улуттук ырлары жаңырды. Балдар Чыңгыз Айтматовдун эстелигине чейин ырдап келип, андан соң жазуучунун эстелигине гүл коюшту.

"Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борборунун жетекчиси Дария Мусинанын айтымында, бул жылы этно-фестиваль Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

"Иш-чара ушуну менен тогузунчу жолу өткөрүлүп, ага 600 бала катышууда. Алар "Айтматов ааламы", "Улуттук маданият күнү", "Элдик аспаптар күнү", "Талант-Шоу" жана "Алтын үндүүлөрдүн күнү" сыяктуу сынактарда ат салышат. Мындан тышкары, 47 бала Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу сынагына катышат", — деди Мусина.

Город Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди
Фестивалдын алкагында интерактивдүү оюндар, кол өнөрчүлүк жана сүрөт боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Катышуучуларга Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Индия мамлекеттеринин маданияттын эмгек сиңирген ишмерлери, кол өнөрчүлүк боюнча чеберлер өнөр, тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү.

Этно-фестиваль 20-июлга чейин уланат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган фестивалдын медиа өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0