БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Голливуд актрисасы, модель Памела Андерсон жана Франциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Адиль Рами үлпөт тоюн өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттиги Brides басылмасына шилтеме берип кабарлады.
Андерсон 10-июль күнү өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына барып Франция жана Бельгия курамаларынын оюнуна күбө болгон. Мелдештин жүрүшүн ал Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биргеликте "Санкт-Петербург" стадионунун VIP-орундугунан көргөн.
Оюндун жүрүшүндө күйөрмандары жана журналисттер 51 жаштагы моделдин колундагы бриллиант шакегин байкашкан. Үлпөт тойду алар дүйнөлүк чемпионат аяктаган соң өткөрүүнү пландашууда.
Андерсон Рамиден 18 жаш улуу. Эки жылдан бери чогуу жүргөн түгөйлөр Канн кинофестивалында таанышкан. Андерсон менен Рами Марселде футболчунун үйүндө жашайт.