БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында ылдамдыгы саатына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, түндө күн күркүрөп нөшөрлөп жаан жаашы да мүмкүн.
Эске салсак, жума башында күндүз 40 градуска чейин жеткен ысык болгон. Кыргызгидромет жума ичинде 40 градуска жеткен ысык болбой турганын айткан.