БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Степное айылында жергиликтүү тургун 15 жашар кызды ала качып кетип, зордуктаган. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, окуя 7-июлда болгон.
"Милицияга кыздын атасы 7-июлда кызын уурдап кеткендигин айтып, арыз жазган. Киши ага карата чара көрүүнү суранган", — деп айтылат билдирүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигине Жайыл райондук милициясындагы маалымат булагынын айтымында, кыз ата-энесине ала качып кеткен киши аны зордуктап салгандыгын айткан.
Чүй облустук милициясынан бул кылмыш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын билдиришти.
Бүгүн чаламандын чак түшүндө саат 14:00дөр чамасында да Сокулук районунда базарда 10 жаштагы тестиер зордукталганды маалым болгон.