Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июлда республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй жана Талас облусунда абанын температурасы 34…39 градуска чейин ысыйт. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ысыктын табы 35…40 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарында дагы 28…33 градус ысык болушу күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 36…38 градуска чейин ысый турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0