БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Россиянын Оренбург — Акбулак жолундагы кырсыктан кыргызстандык жаран каза болгонун РФтеги элчилик кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаа айдап бараткан киши кырсык болгон жерде көз жумган. Анын сөөгү Соль-Илецк шаарына алып келинди.
"Маркумдун сөөгү ошол жактан мекенине жөнөтүлөт. Кыргызстандын Оренбург облусундагы ардактуу консулу сөөктү жөнөтүүгө жардам көрсөтүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми "Аргументы и факты" басылмасынын маалыматы боюнча кырсык 2-июлда болгон. Кыгызстандык жаран Mercedes унаасын жаңы эле сатып алып, мекенинен келе жаткан. Унаа жол четиндеги арыкка кирип кеткен. Ыргып кеткен айдоочуну аласалган унаа басып калганы айтылууда.
Ушу тапта окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатат.