БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Индияда чагылгандан коркуп кеткен кишини колуктусу нике кыюу учурунда таштап кетти. Бул тууралуу India Times басылмасы жазды.
Билдирмеге караганда, окуя Индиянын чыгышындагы Бихар штатында болгон. Катуу чагылган чакканда күйөө бала коркуп кетип, калтырай баштаган. Муну көргөн болочок келин үлпөт тойду токтотуп, аны менен турмуш куруу ниети өчүп калганын жар салган.
Күйөө баланын үй-бүлөсү колуктунун мындай кылыгына катуу ызаланган. Бирок кыздын туугандары ага болуша кетип, ортодо массалык мушташ чыккан.
Жыйынтыгында полиция кыздын үч тууганын чаң салгандыгы үчүн камакка алган.