Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 4 июл — Sputnik. 5-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндөн калкаланып турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: апта соңунда Кыргызстанда күн катуу ысыйт
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй жана Талас облусунда абанын температурасы 28…30 градус болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ысыктын күчү 31…36ге жетет. Ысык-Көл менен Нарында 22…27 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 33…35 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0