Кандаштар Памирге кайткан себебин айтышты. Сапар алдындагы видео

Жазылуу
Нарында жашап жаткан Памир кыргыздарынын ичинен 18и Бишкектен Афганистанды көздөй 6-июлда жол тартат. Бүгүн алар Бишкек шаарына келип түштү.

Миграция кызматынан кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова кыргыз өкмөтү аларды Тажик-Афган чек арасына чейин жеткирерин айтты.

Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыз Фазылхак: сурап алар өлкөбүз бар, эми пас болбойбуз. Видеомаек
Сапарга чыккандардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, каникул учурунда өздөрүнүн тууган-уруктары менен учурашып күздө кайра келүү.

Афганистанга жол тарткандардын арасында бир нече үй-бүлө жана 6 жашка чейинки эки кичинекей бөбөк бар.

Учурда Нарында Памирлик 49 киши жашайт. Алгач, 33үн кыргыз өкмөтү Афганистандан 13-октябрда Улуу жана Кичи Памирден 33 адамды алып келип, Нарынга жайгаштырган. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

"Буюрса, 6-июлда жолго чыгалы деп турабыз. Каникул учурунда өздөрүнүн тууган-уруктары менен учурашып күздө кайра келүүнү пландап жатышат. Алар жаздан баштап эле ушундай ниетин билдиришкен. Кыргыз өкмөтү бул сунушту колдоду. Биз аларды Тажикстан-Афганистан чек арасына чейин жеткиребиз. Тажикстандан тоскоолдуксуз өтүү боюнча атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", — деди Мамбетова.

Памир кыргыздарын Миграция жана Чек ара кызматынын, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери коштоп барышат.

Афганистанга кетип жаткандарды кепке тартканыбызда Сардарвали Садырла уулу анткен менен кайтып келип, жогорку окуу жайга тапшырсам деген ниетин билдирди.

"Келгенибизге тогуз ай болду. Памирде калган ата-энебизди көрүп, абалын сурап келсек деген ниет менен жөнөдүк. Күздө келип окуубузду улантсак, барып — келип каттап турсак деген пикир бар. Тогуз бир тууганмын, кичүү инилеримди алып келип, алар да билим алса деген ниетим бар", — деди Сардарвали Садырлла уулу.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Памир кыргыздарынын айрымдары кайра артка, Афганистанга кетүүгө камданып жаткандыгын кабарлаган. Журналист этникалык кыргыздардын бири ижарага алып жашаган үйдөн ээси чыгып кетүүсүн талап кылганын жана кой кайтарткан киши акысын жеп, 5000 сомун бербей койгондугун жазган. Бул маселени журналисттерге айтып берген памирлик кыргыз учурда Нарын шаарында жашап жатат.  

 

Буга жооп катары өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Айнура Дүйшөк кызы социалдык тармакка жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0