Футбол: Бельгия оюндун соңунда япониялыктардан жеңишти жулуп кетти

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач Япониянын командасы алдыда келе жаткан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Россиянын Ростов-на-Дону шаарында өткөн Бельгия менен Япония командаларынын оюну 3:2 эсебинде бельгиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Алгач Япония атаандаштын дарбазасына эки ирет катары менен гол киргизип, алдыга чыккан. Андан соң Бельгия эсепти теңеп, оюндун 94-мүнөтүндө үчүнчү гол киргизди да жеңишти япониялыктардан жулуп кетти.

Андан мурунку оюнда Бразилия командасы мексикалыктарды утуп, чейрек финалга чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0