00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как джиу-джитсу стало популярным в Кыргызстане и чего ждать от турнира в Бишкеке
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көчмөндөрдүн дүйнөсү: VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жаңы багыты, даярдыктар
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атаңгөрү, ошондо эле спортко кетип калбай...

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортивное мероприятие под названием "Хан горы" на горнолыжной базе Чункурчак
Спортивное мероприятие под названием Хан горы на горнолыжной базе Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Мүмкүнчүлүк келгенде бекем кармап калыңыз, макулбу?

Мен өзү бир нерсеге макул боло бербейм, бул текеберлик эмес, тек гана каалоо. Ошол себептен Sputnik маалымат агенттигинде иштегенден бери Бурадар жазбайм.

Спортту жазып жүргөнүмө бир жыл толду! Көбү эмне үчүн спорт, болгонда дагы сегиз бурчукта жанын байлаган ММА жагат деп сурашат. Окуучулук күндөн тарта мушташка жакынмын. Көп кыз менен чабышып, сабап, токмок да жегем… Бирок жөн жерден эле бирөөнү чаап же уруш чыгарчу эмесмин. Анча-мынча маселеге ошондой жооп кайтарганды туура көрсөм керек. Дароо айтып коеюн, азыр андайым жок! 9-класста окуп жүргөндө дос кызым күрөшкө барам десе ата-энеси "кулагың сынып, мээң чайкалат" деп урушуп коюптур. Аны угуп мен да үйдөгүлөр ушунтип тилдейт деп каалоомо чекит койдум. Болбосо спортко каалоо күч эле. Кечкисин турникке тартынып, метрди тизип секирип, мектепти айлана чуркап… кыскасы шортик менен кеданы маашырлана кийин өзүмдү башкача сезе берчүмүн. Үй-шартында денемди абдан чойгом. Шпагатка отуруп, сальто жасап, буту-колум жакшы ийилчү. Аным мектептеги маданий иш-чараларда акробатика көрсөткөнгө эле жарады… Кыскасы спортчу болгон жокмун, катардагы журналистмин. 1,5 жыл мурун эрежесиз уруш боюнча беттеш өткөргөн досторго кезигип, беттештерин көрө баштадым. Адамга адам шыкакчы деген чын экен. Билинбей эле спорт журналистикасына берилип кеттим. Учурда профессионалдуу түрдө тайбокс менен машыгам, жадакалса мелдештерге сунуш түшүп даяр болбой калдым. Даярданганда эмне, жакында 23кө чыгам. Андан көрө чемпиондорду көз жаздымда калтырбайын.

Эми жаңылыктарга өтөлү.

Спортчулардын баары кара эмес, октагондун баары кан эмес! Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү менен ММА мушкеринин балдарды сабаган видеосу тарады Мушкерге жан тарткан жерим жок, мыйзам чегинде баарыбыз бирдейбиз. Тек гана ушундай окуялар спорт тармагына көлөкө түшүрөт да. Ансыз деле мушкерлерди көчөдө бейбаш, рингде аесуз, жашоодо караларга аралашкан деген пикирлер шыбырт этип келет. Эми бул жагы башка тема, ыңгайы келгенде өзүнчө материал менен сөз болот деп ойлойм. 

© Facebook/ Как То Вот ТакОшто кылмыштуу топтун мүчөсү менен ММА мушкеринин балдарды сабаган видеосу тарады
Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү менен ММА мушкеринин балдарды сабаган видеосу тарады - Sputnik Кыргызстан
Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү менен ММА мушкеринин балдарды сабаган видеосу тарады

Билимдүүгө дүйнө жарык. Алардын бири — ЖРТдан жогорку балл алган атбашылык Толкун. Кыз бала интернетке эмес, китепке үңүлөт экен. Үлгү алгыдайбыз.

Эламан Карымшаков, азаматсың, эбепке себеп болуп жүрө бер! Кесиптешим эки ай мурда жалгыз бой эне сегиз жаштагы таланттуу кызын олимпиадага жөнөтүүгө чама-чаркы келбей жатканда,материал жасап, жардамга кол сунгандардын катарын калыңдатканга жардам берген. Кудай буюруп, окуучу кыз 1-орунду утуп алыптыр.

Негизи эле кесиптештерим кыйын. Мирбек Сакенов 49 жыл мурун Таласта болгон ири авиакырсыктын чоо-жайы тууралуу материал жасады. Каргаша кырк кишини мерт кылган. 

Жакында бир кишинин башы эки болот го… Исмаил Мамытов болочок кайнагаларына кайрылып, ашыгына араң жеткенде азапка салбашын өтүндү.

Күнүмдүк турмушта куйкум сөз, макал-лакап, улуу кептерди аралаштырып сүйлөсөңүз, сөз берметтерин чачыраткан киши болуп эле жатып калмаксыз. Тибиртке рубрикасын окуп койбойсузбу?

Баса, кечээ футбол боюнча дүйнө чемпионатында "Н" тайпасындагы төрт команда бири-бири менен беттешип, Колумбия менен Япония плей-офф оюндарына чыкса, Сенегал менен Польша мелдештеги оюндарына чекит койду.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.15 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшыга жанашыңыз деген тилек менен Гүлдана Талантбекова

Жаңылыктар түрмөгү
0