ЖРТдан жогорку балл алган атбашылык Толкун: интернетке убактымды коротпойм

© Фото / предоставлено Толкун ЖеткинбаевойВыпускница села Ача-Кайынды Толкун Жеткинбаева
Выпускница села Ача-Кайынды Толкун Жеткинбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинин бүтүрүүчүсү Толкун Жеткинбаева Нарын облусу боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку (224) балл алып, алтын сертификаттуу болгону турат.

Торжественная линейка по случаю последнего звонка для учеников и выпускников гимназии № 5 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Министрлик ЖОЖдорго кабыл алуу качан башталарын айтты
Толкун менен катар эле район боюнча Кара-Суу айылынын Карыбек Карпеков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзайым Темирбекова 221 балл, Кызыл-Туу айылынын Калкан Керималиев атындагы орто мектебинен Айназик Коногалиева 220 балл алып алтын сертификатка талапкер болушкан. Ат-Башы райондук билим берүү башкармалыгы билдиргендей, ЖРТ башталгандан бери райондун тарыхында бул алгачкы ири ийгилик.

Гимназияда эмес, айылдын мектебинде окуп деле бийиктикти багынтса болорун далилдеген кыздардын алды Толкун Жеткинбекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешти. Бүтүрүүчү окуудагы ийгиликтери жана алтын сертификат алуунун сыры менен бөлүштү.

— Айылдын мектебинде окуп жүрүп алтын сертификатка илинүү оңой эмес болсо керек. Жалпы республикалык тестирлөөгө канча убакыт даярдандыңыз?

— 10-класстан баштап атайын тестирлөөгө карап SECOM билим берүү мекемесине барып бир жыл окуп келгем. Андан сырткары, Нарын облусунун мугалимдери менен тандоо сабактарыма (химия, биология, англис тилинен) даярдандым. Ошентип ЖРТга эки жыл мурун эле камына баштагам. 

© Фото / предоставлено Толкун ЖеткинбаевойТолкун Жеткинбекова: апам "алтын сертификат аласың" деп аябай күттү
Выпускница села Ача-Кайынды Толкун Жеткинбаева - Sputnik Кыргызстан
Толкун Жеткинбекова: апам "алтын сертификат аласың" деп аябай күттү

— Анда алтын сертификат алам деп өзүңүзгө ишенген турбайсызбы?

— Даярдангандыкыбы, айтор, тестирлөөгө киргенде аябай деле корккон жокмун, мен буга чейин иштеп жүргөн көнүгүүлөргө окшош болду. Киргенде да өзүмө 200дөн ашам деп сөз бергем, бирок алтын сертификат алам деген ой болгон эмес. Апам эле "сен алтын сертификат аласың" деп аябай күткөн. Ата-энемдин үмүтү акталды деп ойлойм.

— Мектепти да артыкчылык менен бүтсөңүз керек?

Восьмилетняя кыргызстанка Айсанат Женишева - Sputnik Кыргызстан
Эл акча чогултуп дүйнөлүк олимпиадага узаткан окуучу кыз 1-орунду утту
— Кичине кезимде эле математика сабагын жакшы көрчүмүн. 5-класстан баштап математика сабагы боюнча республикалык олимпиадага катышып жүрдүм. 7-класста 5 предметтик олимпиададан район боюнча эки жолу биринчи орунду алдым. Ошондон баштап мен билим дүйнөсүнө сүңгүп кирдим го. Сабактан тышкары комуз ийримине барып, дастан боюнча республикалык сынактарга катышчумун. 21-июнда губернатор чакырып, кызыл килемден өтүп "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын тапшырып, ЖРТ боюнча облустун алдыңкы окуучусу аталдым. 

— Азыр жаштардын көбү убактысын интернет менен өткөрүп калбадыбы. Facebook, Instagram социалдык түйүндөрдө отурасызбы?

— WhatsApp тиркемесинен башка телефонумда бир дагы тиркеме жок. Социалдык тармактарга катталган эмесмин. 

© Фото / Толкун ЖеткинбаеваТолкун Жеткинбекова: кичинекейимен бери дарыгер болууну самачумун
Выпускница села Ача-Кайынды Толкун Жеткинбаева - Sputnik Кыргызстан
Толкун Жеткинбекова: кичинекейимен бери дарыгер болууну самачумун

— Сабактан тышкаркы бош убактыңызды эмне кылып өткөрчү элеңиз?

— Телефон, интернет мени башында эле кызыктырган эмес. Бош убактым деле болгон жок, себеби сабактан сырткары комуз ийримине, англис тил курсуна барчумун. Менин оюмча убакытты туура пайдалана билишти үйрөнүп, өзүңө жаккан нерсени жасаш керек. Бош убактым болсо эле китеп окуйм. Китеп мен үчүн дайыма алдыга жетелеген, өзүңдү туура алып жүрүүгө, акылды да, жүрөктү башкарууга жардам берип, руханий байлык тартуулаган жардамчы болуп эсептелет.

— Айыл жеринде жумуш көп эмеспи. Ата-энесине жардам берем деп кээ бир балдар окуудан оолак болуп калышат…

— Ата-энем менин окуп гана отурушума жакшы шарттарды түзүп берди. Жумуш деле жасатышчу эмес. Апам башталгыч класстардын мугалими болгондуктан "сенден бир нерсе чыгат, оку" деп эле турчу.

— Үй-бүлөңүз тууралуу да азыноолак кеп кыла кетсеңиз?

— Атам жеке ишкер, апам башталгыч класстын мугалими. Мени 4-класска чейин апам өзү окутту. Беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Байкем, эки эжем жана иним бар. Эжелерим да окууну жакшы бүтүп, Германиядан билим алышкан. 

© Фото / предоставлено Толкун ЖеткинбаевойТолкун Жеткинбекова: атам жеке ишкер, апам башталгыч класстын мугалими. Байкем, эки эжем жана иним бар. Эжелерим да окууну жакшы бүтүп, Германиядан билим алышкан.
Выпускница села Ача-Кайынды Толкун Жеткинбаева - Sputnik Кыргызстан
Толкун Жеткинбекова: атам жеке ишкер, апам башталгыч класстын мугалими. Байкем, эки эжем жана иним бар. Эжелерим да окууну жакшы бүтүп, Германиядан билим алышкан.

— Алтын сертификат менен окуу жайдын баарынын эшиги ачылыптыр. Кайсы кесипти тандайын деп турасыз?

— Кичинекейимен бери дарыгер болууну самачумун. Мурда окуп жүргөндө жазган дил баяндарымды чогултуп койгом. Карасам баарына эле "дарыгер болом" деп жаза берчү экенмин. Буюрса, шаарга барганда бардык университеттерди карап көрүп дарыгерлик кесипке тапшырам. Анын ичинен балдар дарыгери болгум келет.

— Айылдагы мектептен эле алтын сертификат алса болорун далилдеп жатасыңар. Жогорку балл алам деген окуучуларга кандай кеп-кеңеш берет элеңер?

— Эң негизгиси убакытты туура пайдаланып, өзүнө ишениш керек. Көрсө айылдан деле алтын сертификат алса болот экен. Көп изденип, окуп, мугалим жактан да, окуучу өзү тараптан да жакшы аракеттер көрүлсө эле ийгилик сөзсүз жылмаят. Башында чын элеби деп ишенбей жатканбыз, көрсө баары адамдын өзүнүн аракетинен экен. 

© Фото / предоставлено Толкун ЖеткинбаевойТолкун Жеткинбекова: китеп мен үчүн дайыма алдыга жетелеген, өзүңдү туура алып жүрүүгө, акылды да, жүрөктү башкарууга жардам берип, руханий байлык тартуулаган жардамчы болуп эсептелет.
Выпускница села Ача-Кайынды Толкун Жеткинбаева - Sputnik Кыргызстан
Толкун Жеткинбекова: китеп мен үчүн дайыма алдыга жетелеген, өзүңдү туура алып жүрүүгө, акылды да, жүрөктү башкарууга жардам берип, руханий байлык тартуулаган жардамчы болуп эсептелет.

— Дагы кандай план, кыялдарыңыз бар?

— Азырынча жакшы окуу жайга өтүп алсам деп ойлоп жатам. Андан сырткары, өзүм ырдаганды жакшы көрөм. Ат-Башы районундагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектебинде да билим алгам. Мындан улам кийин окууга тапшыргандан кийин чыгармачыл өнөрүмдү да байкап көрсөм деген тилек бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0