БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо күн күркүрөп, жаан жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Күндүн табы Чүй менен Таласта 28…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 29…34, Ысык-Көл менен Нарында 23…28 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек шаары менен Ошто күн ачык болуп, 31…33 градус ысык болушу күтүлүүдө.