Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыздар, жарыя! Кесиптешим жакшы кыз издейт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПрогон спектакля "Карина и Дрон"
Прогон спектакля Карина и Дрон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Ар бир аткан таңыбыз жакшылыктарды гана ыроолосун!

Бойдок жигиттер 25 жаштан ашканда, ал эми кыздар мектепти бүткөндө эле кыргыздарда "качан үйлөнөсүң", "качан турмушка чыгасың" деген суроолор кулактын кужурун алат эмеспи. Айрыкча шаардан айылга барганда ар бир экинчи жолуккан адам бул суроону бербесе башы ооруйт. Аларды убагында жаман көрүп койчу элем, азыр өзүбүз бойдоктордон ошентип сурай баштадык. Кечээ кесиптештер менен түшкү тамакка барып Мирбек жана Бактияр инилерибизден "качан үйлөнөсүңөр" деп сурап калдык. Бактиярдын сүйлөшкөн кызы бар экен, жакында той болорун айтты. Ал эми аста басып үлкөн жумуштарды бүтүргөн Мирбек аттуу кесиптеш "жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин үч жылдан кийин үйлөнөм дедим эле, андан бери үч жыл деле өттү, дагы эле бойдокмун" деп агынан жарылып, "жакшы кыз" издеп жатканын кыйытты.

Турмушка чыга элек кыздарга учурдан пайдаланып кесиптеш тууралуу кыскача айтып кетейин. Мирбек өзү бир мүнөз, токтоо бала. Билинбей жүрүп эле чоң жумуштарды бүтүрүп коет. Анысын да дардаңдап эч кимге айта бербейт. Кумурскадай кыбырап жүрүп шаарга дагы бир эмес эки кабат үй салып коюптур. Жерлигин карап кызыгып калсаңар балабыз Көлдүн мырзасы. Жумушта биз аны "архивчи" деп эркелетип коебуз. Кудум XX кылымдын башында жашап келгендей тарыхтын баарын билип, залкарлардын таберик сүрөтүн таап, 90-жылдардагы кылмыштардыиликтейт. Андыктан жакшы бала карап жүргөн кыздар, уялбай, тартынбай эле эгер биздин жигитке кызыгып калсаңар, редакцияга деле кайрылгыла.

Негизи кыргыздын жигиттеринин көбү эле кыйын. Футболду катыра ойногон Азамат Байматов менен кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова маек курду. Футболчу жакында үйлөнөт экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКапитан сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов
Капитан сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Капитан сборной Кыргызстана по футболу Азамат Байматов

Саясаттагы айымдардын күйөөлөрүнө кызыккандар да көп. Мындай мырзаларга негизи баа бериш керек. Себеби биздин элдин канында эркектердин көбү аялынын үйдө отурушун каалайт эмеспи. Аткаминер айымдардын күйөөлөрүнүн кээси парапсихолог болсо, бири банкир, бири дарыгер экен

Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан кетүүнү жар салыптыр. Себебин шилтемеге кирип окуңуздар.

Жер жайнап, көз кычыштырган жаңы чыккан дарбыз-коондорду жегиңер келип, бирок "азыр жесе болобу же болбойбу" деп отурсаңар дароо бул материалды ачып тийиштүү адистердин жообун окуңуз.

Калаанын көчөлөрүндөгү ремонт иштери ырас чекесинен бүтүп жатат. Кечээ оңдоп-түзөөдөн өткөн дагы бир жол ачылды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.00 (сатып алуу) жана 68.24 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0