Акыйкатчы Кубат Оторбаев кызматынан кетүүнү чечкенин жар салды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив
Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчы мындай чечимди өз ыктыяры менен кабыл алганын билдирген.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев үстүбүздөгү жылдын 27-июнунан тартып акыйкатчы катары ыйгарым укуктарын токтотууну чечти. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Оторбаев жарандарга болгон кайрылуусунда мындай чечимди өз ыктыяры менен кабыл алганын белгилеген.

"Ар бир адамдын, анын ичинде, мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен ишбилгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды", — деп айтылат кайрылууда.

Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрында парламент тарабынан Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп бекитилген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жыл алдында акыйкатчы 2016-жылдын отчетун бере электигин айтып, катуу сындаган болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0