Оштун борбордук аянтындагы айрылган желек алмаштырылды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарынын борбордук аянтындагы айрылып калган желек алмаштырылды
Ош шаарынын борбордук аянтындагы айрылып калган желек алмаштырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-июнда кечке маал шамалдан улам мамлекеттик туу экиге бөлүнүп, тытылып калган болчу

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтындагы айрылып калган желек алмаштырылды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

Бүгүн, 23-июнда кечке маал шамалдан улам мамлекеттик туу экиге бөлүнүп, тытылып калган болчу.

“Мэриянын алдындагы муниципиалдык башкармалыктын кызматкерлери тууну бир саатын ичинде жаңысына алмаштырышты”, — деп айтылат маалыматта. 

Айрылып калган желек 2018-жылдын 3-мартында — мамлекеттик туу күнү жаңыртылып илингендиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0