БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 27…32, Таласта 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 28…33, Ысык-Көл менен Нарында 22…26 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, күн 28…30 градус жылыйт.