Токтогазы уулу: Кадыр түндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес
Кадыр түн — тагдырлардын жазыла турган кечеси. Бул тууралуу Бактияр Токтогазы уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул күндү шаан-шөкөт менен өткөрүү туура эмес.
"Кадыр түндө Кудайга жаккан иштерди жасап, диний маселелерди козгоп, сабактарды өтүп, Кудайды эстеп, өлкөбүз өнүксүн деген тилектерди айтып, дуба кылуу керек. Бул күндү шаан-шөкөт, музыканын коштоосунда өткөрүү туура эмес. Кадыр түн тагдырлардын жазыла турган күнү болгондуктан, Кудайдан жакшы нерселерди сураныш керек", — деди Токтогазы уулу.
Ал Кадыр түндү эркектер мечитте, аялдар үйдө өткөрүш керектигин кошумчалады.