БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Студент шаарчасында ("Фрунзе" совхозунун батыш бөлүгү) 78 жаштагы Нуркалый Жакеев жоголгонун анын жакындары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Пропавший в Чуйской области в селе Студенческом Нуркалый Жакеев
Пропавший в Чуйской области в селе Студенческом Нуркалый Жакеев
Туугандары айылдын тегерек-четин тыкыр карап чыгышкан. Сокулук РИИБине арыз жазылды, бирок азырынча жыйынтык боло элек.
Жакеевди акыркы жолу 20-майда саат 22:00дөр чамасында Студент айылынан көрүшкөн. Ал жашыл түстөгү футболка, өңү ачык шым жана көлөч кийип жүргөн.
Карыянын кайда жүргөнүн көргөн билгендер болсо +996-708-704-407, +996-702-700-370 телефондору аркылуу кайрылса болот.