БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ливандын тургуну Dubai Duty Free мекемеси тарабынан өткөрүлүп келген лотереянын баш байгеси миллион долларды экинчи ирет утуп алды. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды.
73 жаштагы ливандык киши Дубай аэропорту тарабынан такай өткөрүлүп келген лотереянын биринчи джекпотун 2012-жылы ноябрда утуп алган.
1999-жылдан бери өткөрүлүп келген Millennium Millionaire лотереясынын эрежеси боюнча катышуучуларга ар бири 1 миң дирхам (278 доллар) болгон беш миң билет сатылат. Маалымат боюнча лотерея өткөрүлүп келе жаткандан бери 160тан ашык киши миллионер болгон.