Спортчу жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын алтын байге ээси жана грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында эки жолу күмүш медаль тагынган. Мындан сырткары, 50дөн ашык эл аралык мелдеште ийгилик жараткан.
Негизи эле Абдурахманхаджи жиу-житсуну түптөөчүлөрдүн бири катары тарыхта калса керек. Себеби беш жыл мурда агасы Муртазали менен биринчилерден болуп аталган спорттун бразилиялык түрүнөн федерация ачып, борбордогу ири машыгуу залында чемпиондорду тарбиялап келишет.
Атыңыз "Абдурахманажыбы же Абдурахманхаджибм?" десем, "жөн эле Абдурахман деп коюңуз" деди. Бүгүнкү конок менен маек ушинтип башталды.
— Абдурахман, алгач үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— Улутум — даргин. Ата-энем Кыргызстанда туулуп өскөн. Үй-бүлөбүз чоң, беш бир тууганмын. Улуу байкем Муртазали экөөбүз спортчубуз. Менден улуу эки эжем турмуш курган, карындашым болсо мектеп окуучусу. Апам үй кожойкеси, атам жеке ишкерлик менен алектенет.
— Балалыгыңыз кандай өттү?
— Апам менин билим алышыма басым жасап, кошумча ийримдерге, тил курстарына берчү. Карындашым төрөлгөндөн кийин сабактарды калтырып, өзүмдү көзөмөлдөбөй калганымды байкадым. 4-8 класска чейин башка мектепке которуп индивидуалдуу окутууга өтүштү. 9-классты кайра өзүмдүн мектебимен бүтүрдүм. 10-класс кезимде атам Малайзиядагы Ислам мектебине сегиз айлык окууга жиберди. Ал жактан диний сабактардан тышкары англис тилин үйрөндүм. Апамдын адып барып жүргөн курстарынын жардамы ошондо тийди.
— Спортчулар берген маектеринде бала чагында тентек болгонун, көчөдө мушташкандарын айтып калышат…
— Ансыз болбойт го (күлүп). Бирок азыр мушташпайм. Көчөдө урушуу кесипкөй спортчунун жасай турганы эмес.
— Байкеңиз Муртазали экөөңүздөрдү жиу-житсуну Кыргызстанга алып келген адам катары билебиз. Негизи эле спорт чөйрөсүнө кандайча аралашып калгансыз?
— 9-классымдан тарта машыктыруучу Турат Кулубаевдин колунда дзюдо менен алектендим. Беш жыл жыйынтык көрсөтө алган жокмун. Жок, дзюдо оор дебейм, болгону өзүмдү таба албадым.
Кыргызстанга келгенде жиу-житсу боюнча машыгуу залын ачыш керек экендигин түшүндүм. 2012-жылы бул демилгени ишке ашыруу үчүн тыкыр иштеп баштадык. Байкем мекенге кайтып келем деген эмес, болгону жиу-житсуну өлкөдө жайылтуу зарыл экендиги ага шык берди.
— Залды иштетип, федерациянын түптөөдө көп эле кыйынчылыктар болсо керек да?
— Башында ылайыктуу имарат таппай кыйналдык. Үйдүн жанынан караштырып койдук эле, кошуналар зал салына тургандыгын угуп каршы чыгышты. Башка жактан издегенге туура келди. Биринчи машыктыруучубуз француз эле. Ал эки жума иштеп эле кетип калды… Агезде байкем экөөбүз жиу-житсунун ыкмаларын толук билчү эмеспиз. Залда болсо элүүдөй киши чогулуп калган. Интернеттен ыкмаларды карап балдарга үйрөтө баштадык. Анан Бразилиядан жаңы машыктыруучу келгичекти эки ай иштедик. Ал машыктыруучу жарым жыл иштеп жакшы тажрыйба көрсөтүп берди. Бирок аялы бул жактан зеригип кеткендиктен кетип калды. Дагы бир бразилиялыкты чакырдык эле, ал да кетип калды. Ошондон кийин сырттан машыктыруучу алып келгендин пайдасы жок экенин түшүнүп, андан көрө өзүбүз чет мамлекеттен машыгуулардан өтүп келип балдарга үйрөтүүнү эп көрдүк.
Буюрса окуучуларыбыз эл аралык мелдештерде, Азия чемпионатында байгелүү орундарга жетишип жатат. Азыр жаштарга басым жасап жатабыз. 2024-жылы жиу-житсу Олимпиада оюндарына кирет деген божомол бар. Ошого эмитен камдана баштадык. Ар бир салмак боюнча мыктыларды караштырып, ар бирине ыкма коюп жатабыз. Мен Олимпиадада күрөшө аламбы же жокпу, аны кудай билет. Бирок окуучуларыбыз сөзсүз ал жакта ийгиликке жетишет.
— Жиу-житсу боюнча алдыңкы спортчулардын катарындасыз. Буга деңгээли боюнча Олимпиада оюндарынан кийинки эле Азия оюндарында тагынган алтын байгеңиз мисал. Федерациянын ишинен сырткары жеке өзүңүздүн спорттук жолуңузда кандай кыйынчылыктар болду?
— Азия оюндарына даярданам деп Америкада төрт ай жүрдүм. Ал жакта машыгуу процесси оор эле. Үч жума араң чыдап, үйгө кетип калсамбы деген ойлор болду. Ден соолугум өтө эле тобокелге салынгандай сезилди. Анысы аз келгенсип мен жаткан мейманкана менен залдын ортосу үч сааттык жол эле. Тамак-ашты адал деген жерлерден ичкенге аракет кылдым. Шаарды жакшы билбегендиктен шаурма же дүкөнгө кирип печенье, алма сыяктуу азык жегенден башка айла жок болду. Кыскасы туура тамактануу болгон жок. Абасына да көнө албай кыйналдым. Бирок дүйнөдөгү күчтүү балбандар менен машыгып, чоң тажрыйба топтодум.
— Спорт жаракатсыз болбойт эмеспи…
— Олуттуу жаракатым деле жок. Убактылуу жаракаттар болот, дарылагандан кийин калыбына келет. Азия оюндарына үч жума калганда машыгып жатып бутум менен колумду кокустатып алып, бир жума үйдө жаткам. Биринчи кезекте байкем Муртазали өзүн күнөөлөдү. Себеби аны менен спарингге чыккан болчумун. Ошого карабай мелдешке катышууну чечтим. Буту-колума бинттерди ороп, дартымды сездирбөөчү дары ичип алдым. Анткени жиу-житсуда онтогон же кыйкырган үндөрдү чыгарсаң, калыстар кармашты токтотуп жеңишти атаандашыңа ыйгарып коет.
— Негизги ыкмаңыз кайсы?
— Үч бурчтук ыкмасы менен муунтканды жактырам. Мында эки бутуңдун жардамы менен атаандаштын моюну менен колун кысып, муунтуп коесуң.
— Салмак кууганда кыйынчылыктар болобу?
— Мурда салмагымды 77 килограммга тууралачумун. Кийин өз ченимде мыкты беттеш көрсөтө алаарыма көзүм жетти. Азыр 85 килограммда килемге чыгам, бирок чынында эки килограммга кичирээкмин.
— Түшүнүктүү. Instagram тармагында баракчаңыз бар экендигин билебиз, өзүңүз тууралуу пикирлерди окуйсузбу?
— Көбү мелдештен кийин куттук айтып, ийгилик каалашат. Баарына ыраазымын. Биздин машыгуу залы тууралуу көп сурашат. Спорт менен алектенем дегендерге ар дайым эшигибиз ачык.
— Көңүл ооруткан билдирүүлөрдү таштагандар да болду беле?
— Бир гана учур болду. Анда мен Вьетнамда өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан болчумун. Адатта жеңүүчүлөрдү тепкичке чыгарып сыйлап, анан мамлекеттердин гимнин жаңыртат эмеспи. Сыйлоо аземи башталды. Мага чейинки чыккан балдарды карасам, уюштуруучулар гимни жок эле бүтүрүп коюшту. Алтын алган араб спортчусунун жанына барып "эмнеге гимн ойногон жок?" деп сурадым. Себеби мен чыксам да ошондой мамиле кылышмак. Ошондон кийин араб жигит уюштуучулар менен сүйлөшкөнгө кеткен. Анан бир маалда турнирди өткөргөндөр гимн коебуз дешти. Аларды бир саат күттүк. Өзүбүз турнирден кийин тердеп, ачка болчубуз.
— Instagram баракчаңыздан UFC өткөргөн турнирлердин биринде болгонуңузду көрдүм. Ал жакка кандайча барып калдыңыз, менимче билеттери кымбат болсо керек?
— Хабиб (Нурмагомедов) чыгып жаткандан кийин барбай койсом болбой калмак. Алысыраак жакта отурганым үчүн 173 доллар төлөдүм. Бул Америка үчүн көп деле эмес.
— Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келгенде аэропорттон журналисттер менен бирге Кыргызстандын белгилүү спортчулары да тосуп алышты эле. Ал жолугушуу тууралуу эмне деп айта аласыз?
— Мен анын айдоочусу болгом. Тагыраагы, ал отурган унаанын рулун башкарып аэропорттон мейманканага чейин жеткизгем. Сүйлөшүп барганга жакшы мүмкүнчүлүк болду, ал абдан жөнөкөй экен. Спорт боюнча жакшы пикир алышып, өзүмө көп керектүү нерселерди ала алдым. Мен аны жөнөкөй адамдык сапаттары үчүн сыйлайм.
— Ошондо уюштуруучулар сизди Хабибди жеткирип берүүнү сунуш кылышты беле?
— Мен өтүнгөм. Болбосо UFC мушкерин жеткирүүгө көп киши бар болчу.
— Сизде партер (жерде иштөө. — ред.) жакшы коюлган. Аралаш мушташтын беттештери кызыктырбайбы?
— ММА турнирин карап көрсө болот. Бирок мен өзүм аркалаган спорттун өтөсүнө чыккым келет.
— Спорттон тыш эмне менен алектенесиз? Чет өлкөдөгү машыгуулар менен мелдештердин чыгымы кымбат болсо керек…
— Башка иш деле кылбайм. Спорт залдан түшкөн каражатка жашайм. Бишкек гуманитардык университетин экономика тармагы боюнча аяктагам. Учурда Дене тарбия жана спорт академиясынын 3-курсунун студентимин.
— Сиз менен таанышкысы келген жаштар деле көп болсо керек, тагыраагы, кыздар тууралуу айтам. Качан үйлөнүүнү пландап жатасыз?
— Кудай буюруп, оюмдагыдай кыз тапсам эле үйлөнөм.
— Кандай кыздар жагат?
— Динге берилген кыз издеп жүрөм.
— Алдыдагы пландар тууралуу айта кетсеңиз?
— Эртең эмне болуп кетээрин билбейбиз. Лекциялардын биринде шарият боюнча алдыга божомолдорду жоруган туура эмес деп уккам. Баары кудайдан.