БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Борбор калаада оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 7-июнь күнү Тоголок Молдо көчөсүнүн Щербаков көчөсүнөн Саадаевге чейин жабылат. Ремонт иштери 15-августта бүтөрү күтүлүүдө.
7-июнда "Ак-Босого" жаңы конушундагы Профессор Зима көчөсү да жабылат. Бул аймакка арык, тротуар салынып, асфальт төшөлүп, жол белгилери коюлат. Оңдоо иштери 1-октябрга чейин уланышы божомолдонууда.
Реконструкция иштерине байланыштуу 9-июндан 15-июлга чейин Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да жол кыймылы токтотулат.
Мэрия унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт.